Жолдошева Отунбаеваны эмнеге “Кара роза” деп атаганын айтты

Жолдошева Отунбаеваны эмнеге “Кара роза” деп атаганын айтты

09-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды.

Сотко УКМКнын мурдагы башчысы Кенешбек Дуйшебаев жана Жалал-Абад областынын мурдагы губернатору Бектур Асанов алып келинди. Ошондой эле мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков менен ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков да соттолуучу орундарда отурушту. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев сот залына алып келинген жок, анткени ал мурдагы отурумда сот тартибин бузган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева сот залында сөз сүйлөп, июнь окуясы үчүн КР экс-президенти Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаевди айыптады.

«Өмүрбек Текебаев өзү жазган Конституциянын долбоорун өзбек тилине которгон. Шайырбек Маматокторов документтерди Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаевага алып барган. Аны күбө катары суракка алсаңыз болот. Мен бул долбоорду көргөн жокмун», — деп түшүндүрдү Жолдошева.

Ал Роза Отунбаева менен жолугуп, анын өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланганына күбө болгонун баса белгиледи.

«Мен Кыргызстандын түштүгүндө боло турган трагедия тууралуу эскертип, ал тарыхта «кара Роза»катары калааарын, президенттиктен баш тартууну айткам», — деди Жолдошева.