Жолборс Жоробеков ЖОЖдорду жамандабай эле Акылбек Жапаровго кошомат кыла бербейби?

Жолборс Жоробеков ЖОЖдорду жамандабай эле Акылбек Жапаровго кошомат кыла бербейби?

19-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Карыганда акыл-эсти сактаганыбыз дурус эмеспи. Жолборс Жоробековдун “ЖОЖдор студенттерге билим тарбия бере албай жатат… Анүстүнө билим берүү министрлиги ЖОЖдордо окутуунун сапатын көтөрүү менен иштиктүү алектенбесе, жакында кат тааныбаган “жогорку билимдүүлөр” чыгышы ажеп эмес” деп жазганын окуп алып таңгалдым. Бул эми суу ичкен кудугуна түкүргөндөй эле да. Анткени Ж.Жоробеков узак жылдар ПИРЯЛда, андан кийин улуттук университетте иштеп, нан таап жеп, үй-бүлөсүн багып жүргөндө ЖОЖдор жакшы эле, анда жерге-сууга тийгизбей мактачу эле, эми жамандап жатканы эмнеси? Курманбек Бакиевдин режими тушунда БГУда “Кедейкан” сыңарындай убактылуу ректор да боло калып, шайлоодон өтө албай кулаганы ичин ачыштырса, мындайга ЖОЖдордун баары күнөөлүү эмес да. Улуттук илимдер академиясына барып алып бой көтөрүп, ЖОЖдорду жаманатты кылып, бир бечара көрсөткөнгө умтулуп жатканы кандай? Өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кошомат кылса, ЖОЖдорго көлөкө түшүрүп, көө жаппай, өз жолу менен эле жагалдана бербейби?..

Толкунбек Сыяев, техника илимдеринин кандидаты

«Азия Ньюс» гезити