Жоламан Шаршенбеков Азия оюндардында алтын алты!

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндардында алтын алты!

04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу сынактын сайтында айтылат.

60 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыгуу жолунда Жоламан Шаршенбеков Тажикстан, Түштүк Корея жана Өзбекстандын өкүлдөрүн жеңип алды.

Алтын медаль үчүн болгон күрөштө ал япониялык спортчу Аята Сузукини 7:6. эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы бир кыргызстандык Акжол Махмудов турнирдин алтыны үчүн, Раззак Бейшекеев менен Атабек Азисбеков коло медаль үчүн ат салышат.

Булак: Аргумент кж