
Жогорку соттун имаратында өспүрүмдүн зордукталышы боюнча акция өттү
22-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн.22-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдына 13 жаштагы кызды зордуктагандар боюнча калыс жана акыйкат чечим талап кылып,акцияга чыгышты.
Жарандык активисттер «сот айыпталуучуларга карата адилетсиз чечим чыгарып коюшабы»- деп чочулашууда.
Ал эми Жогорку Соттун алдына чыккан активисттерге милиция имараттан обочо жерде акция өтүүгө уруксат берди.
Маалыматка ылайык,13-мартта Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаранга 8 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Ошондой эле, 13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу 4 кишиге айып тагылган .Алардын арасында 2 милиция кызматкери жана 2 жаран болгон.
Ушул жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап,эки милиция кызматкерине жаза мөөнөтүн кыскартуу чечими чыгарган.
Ага ылайык,Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштиагы айыпталуучуну алты жылга,ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуну тогуз жыл эркинен ажыраткан.
Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.
Булак:Аргумент кж