Жогорку Кеңештин эки фракциясы Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин эки фракциясы Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады

29-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

28-январда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйында эки фракция Эдил Байсаловду кызматтан алууну сунуштады.

Бүгүн эл өкүлдөрү ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар боюнча маалымат укту. Алар 884 миң доллар грант бөлүштүрүүдө ЛГБТга бөлүнгөнүнө нааразы болушту.

Эдил Байсалов бул тармакты көзөмөлдөбөй турганын, Глобалдык фонддон бөлүнгөн 29 миллион доллар грант кандай бөлүштүрүлөөрүн билбей турганын билдирди.