Дүйнө кабарларыКоом

ЖМКлар “Талибан” Тажикстанга кирүүгө толук даяр деп маалымдашты

REVERSE SIDE OF THE MEDAL талибдер берген маалыматка таянып, “Талибан” Тажикстанга кол салууга толук даяр деп маалымдайт.

“Тажиктердин талибандар тобу “Ансаруллах Жамаатынын” башчысы Махди Арсалан Тажикстанга кирүүгө даяр деп айтылат маалыматта.

Буга чейин түндүк-чыгыш Бадахшан аймагынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмади Афганистандын жаңы бийлиги Тажикстан менен чектеш аймакка согуштук жүрүшкө жөнөтүү үчүн атайын топ түзүлгөндүгүн билдирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле талибдер бийликке келгенден тартып бузула баштаган. Ал эми сентябрь айынын соңунда БУУнун Башкы ассамблеясында Эмомали Рахмон Афганистанда эркин шайлоо өтүшү керек жана өкмөт өлкөдө жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнөн түзүлүшү керектигин айткан. Ошондон тартып, эки өлкөнүн мамилеси кыйла чыңала баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *