
ЖМК: курал-жарак берүү кыскарып, Киев кыйнала баштады
22-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАКШнын курал-жарак берүүсү кыскара баштагандыктан Украинада «оңбогондой көйгөйлөр жаралууда». Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасында өзүнүн позициясынан «өтө көп жоготуулар» менен ажыроо тобокелдигинде турат. Бул туурасында америкалык ABC телеканалы атын атагысы келбеген Киевдеги аткаминерге таянып кабарлагандыгын РИА Новости жазды.
Телеканал украиналык аткаминер АКШнын курал-жарак жөнөтүүсү боюнча тынчсыздангандыгын билдирген. Бул Америка Конгрессиндеги талаш-тартыштардан кийин Киевге жардам берүүдө келип чыккан ача пикирлерден улам болуп жаткандыгын эске салган.
«Бизде көйгөйлөр өтө чоң… Негизги ок-дары келбей жатат», — деген аткаминер.
Булак: Аргумент кж