Жээним 12 кичүү баладан төрөйм деп анын апасын коркутуп жатат

Москвада жашаганыбызга  жыйырма жылдын жүзү болду. Кыргызстанда жумушу жок калган туугандарды чакырып аларды жумушка орноштура берип жумуш табуу жагынан да адис болдум окшойт. Ушунча жылдын ичинде бизге келген туугандардан мындай жаман абалда калган эмес элем. Өткөн жылы атамдын карындашынын кызы жумушу жок калып эжемдин суранычы менен жакшы жумуш таап бергем. Бир жылга жетпей тажик  менен ээрчишип калды. Эки жолу эскерттим, бирок болбой акыры менен менен жакын мамилеге чейин жетти. Жолдошум билип калып сенин жээниң кайдагы тажик менен жатып жүрөт кетсин Кыргызстанга деп аябай чыр салып, ал болсо үйдөн чыгып кеткен. Эми кыйраткансып катышып жүргөн эженин 20 жаштагы уулу менен жашап алыптыр. Эже болсо мага ыйлап келип жээнндин кылыгын токтоп деп бир нече жолу суранды. Эженин уулунан 12 жаш улуу. Эки уулун болсо апасына таштап иштейин деп келген жээним иштебей эле жаш жигиттердин койнун издеп келгенби деп жакамды карманып отурам. Эжеме чалып окуяны айтсам мени жаман көрүп кызым кааласа өзүнөн жыйырма жаш кичүү эрге тийип алат, антип көрө албачстык кылбай оозунду жап деп жооп берди.  Жээним болсо эжени коркутуп жакында төрөйм мени үйгө киргизип кабыл аласыңар болбосо таарынбагыла силердин көзүңөрчө небереңди союп жиликтеп карматам дейт экен.  Эми эмне кылам ортодо калдым, күйөөм болсо жээниң бузулган неме экенин билип туруп эмне алып келдин деп кулак мээмди жеп жатат.

Add your comment

Your email address will not be published.