КоомСаясат

Жээнбеков: Кыргызстанда сакалчан-дамбалчандар көбөйүп кетти

Кечээ, 23-августта коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге чукул Кайрылуу жолдоду.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчы Кыдыршаевич, бүгүнкү күндө өтө кооптуу жана коркунучтуу кырдаал болуп жатат! Биздин жерде акыркы 1-1,5 айда аябагандай көп сакалчан-дамбалчандар көбөйүп кетти, анын үстүнө 25 жаштан 35 жашка чейиндер б.а. согушка, диверсияга жараган алдуу-күчтүү адамдар! (боеспособные) Булар кимдер бала-чакалары жок?

Өзүбүздөн душман издебей жогоруда айтылган чет-элдиктер менен катуу күрөш алып барып тез арада мамлекеттин аймагынан чыгарбаса, ахыбал күндөн-күнгө оорлошот жана мамлекетибиздин тынчылыгына коркунучтуу! Баткендегидей биз билгенбиз деп жүрбөгүлө… Эртең кеч болуп калбасын!”, – деп белгилеген Жээнбеков өз кайрылуусунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *