Көзү ачыктарга ишенсе болобу? Эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим башкага үйлөнүп алды. Биздин мамилебизди анын ата-энеси менжак да билишчү. Азыркы аялы анын артынан калбай чуркап жүргөн кыз. Башында ишене албай көпкө жаман болдум. Жакын курбум жигитимди ал кыз бакшыларга барып дубалатып алыптыр деп жатат. Жигитимдин аялынын курбусу ал Бишкек шаарында бир кара дубачы көзү ачыкка барып, мүрзөгө окутуп алганын айтыптыр. Азыр жигитим өөдүк-сөөдүк сүйлөп калды.  Аны байкаган достору ал ичкенде өлөм деп качып калганын айтышууда. Дубаны жандырбаса өзунө же башка бирөөнүн өмүрүнө кол салышы мүмкүн дешүүдө. Ошондой улам коркуп жүрөм. Кээде мас болуп мага чалып сени баары бир өлтүрөм дей берет. Эки жолу номер алмаштырдым, бирок бат эле таап алып жатат. Эмне кылсам ушундай коркунучтуу түштөн кутулам.
Бегимай