Жигитим «үй-бүлөөмдү таштап, сага үйлөнөм» деп жатат. Эми эмне кылам?

Жигитим «үй-бүлөөмдү таштап, сага үйлөнөм» деп жатат. Эми эмне кылам?

23-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы менин катымды дагы чыгарып бериңизчи. Жашым 18де атым сыр бойдон калсын.  Бир баланы жакшы көрүп калып, сүйлөшүп жүрдүм кийин анын аялы бир баласы бар экенин билдим, аялы мага чалып сен кимсин күйөөм менен видеозвоноктон  сүйлөшкүдөй деди. Эмне дешими билбей аялы бар экенин билбегенимди айттым ал албетте ишенген жок. Өзүмдү анын ордуна койуп көрүп бир үй-бүлөөнү ажырашуусуна себеп болбоюн деп аялынан кечирим сурадым. Жүрөгүм ооруп көзүмө жаш айланып өзүмдү жек көрүп жаттым. Аялы бар экенин билбегеним аны жакшы көрүп калганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сездим. Заблок кылып жашоомдон чыгарып салайын деп чыгара албай жүрдүм. Бирок мен да келечекте бирөөнүн аялымын кайтар дүйнө өзүмдүн башыма келбесин деп заблок кылып койдум. Оюм бир жерде эмес жүрөгүм ооруп жатат көнүп калган экем өзүмдү зорго алаксытып жалгандан жылмайып жүрөм. Мага кеңеш бериңиздерчи ансыз жашоо оор болуп жатат бирок мен баласынын убалына калгым келбейт. Өзү аялымды жакшы көрбөйм балам үчүн жашайм сени алам аялымды кетирип дейт , мен баласын атасыз кылгым келбейт. Өзү сүйүүм үчүн күрөшө да албайм, кыйналып кеттим жүрөк эч нерсени түшүнбөйт экен. Кечир жүрөгүм сен каалаган адам менен боло албайм сен каалаган сөздү айта албайм дегенден башка айлам жок. Сураныч кенеш бериниздер.Эмне кылайын?

Булак: Аргумент.кж