Коом

Жигитим мени эмес балдарын тандап кетип калды

Жашоодо эң жаман нерсе бул жалгыздык экен. Убагында жаштыктын деми менен жүрө берип, турмуш кура турган маалымдын баарын текке кетирип жибериптирмин. Жашым отуз бештен оогондо жалгыздык эмне экенин түшүндүм. Жанымда жүргөн курбуларымдын баары үй-бүлө күтүп , бала-чакалуу болуп калышты. Баягыдай чогула калып көңүл ачуу деген нерсе таптакыр токтоду. Жолугушкан жерде курбуларым турмушка чык же бирөөдөн төрөп ал бала сага керек дегенин койбоду. Бул сөздөн тажап алардан да алыстадым. ушундай кундөрдүн биринде капысынан жумушума келген кардар менен таанышып телефон алышып калдык. Бул менин бактымдай сезилди. Ал адам менен жолугуша баштадым. Өзүмдү бул жашоодо бактылуу аялдай сездим. Бир жарым жылдан ашуун убакытты бакыт менен чогуу өткөрдүм. Бирок ал адамым мени менен расмий түрдө чогуу жашоо баштоону сунуш кылбады. Көпкө күттүм. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей ал адамымдын аялы балдары менен Чехияда жашап иштешет экен. Ал адам качан бул сырды ачыктаганымда менден баш тартып кетти. Ал андан алыс кеткен үй-бүлөсүн тандады. А мен да аял катары бактылуу өмур сүргүм келген эле. Ал адамдан бакыт да бала таппадым. Болгону убактылуу кыялдардын учкунуна азгырылыптырмын. Канткенде аял бактылуу боло алат деп кээде бармагымды кырча тиштейм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *