
Жигитим менен апамды тааныштаргандан кийин тоюбуз бузулду
18-чын куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваКызык, жашоодо эмнелер гана болбойт э? Азыр ал күндү күлүп эстейм. А ошол убакта жашагым келген эмес. Убакыт баарын дарылайт деген чын экен. Дарылады.
Арстан (аты өзгөртүлдү) экөөбүздү курбум тааныштырган. Сонун жигит деп мактай бергенинен жолугушууга макул болгом. Дароо жактырдым деп айта албайм. Күн алсы жазып, белек берип, айтор, көңүлүмдү ала баштады.
Апам ашканада администратор болуп иштейт. Бир күнү жумушка кеткен боюнча жок. Таңкы саат төрттө келди. Атам экөөбүз эмне кылышты билбей чый-пыйыбыз чыгып кетти. Милицияда болуптур.
Бир кардар кызы менен келип, ичип алып кызына кол көтөрүп, ага болушкан апама кол көтөрүп… Апам байкуш шок. Больницага жатып чыкты.
Жигитим менен ата-энемди тааныштырган күн. Апам менен атам чогуу дасторкон даярдашты. Саат болду. Конокту тосуп келдим. Атам өзү тосуп алды. Жылуу учурашып үйгө чакырды. Апам жигитимди көрүп катып калды. Апама кол көтөргөн кардар ошо экен.
Атамды араң кармап калдык. Тиги качкан боюнча кетти.
Мени алдап жүргөн экен. Эстегим келбейт. Кыялымдагы той бузулду.
Кудайдын сүйгөн пендеси окшойм. Жман адамдан сактап калды. Ооба, убагында ыйлаган түндөр болду. Болду жигитттер менен жүрбөйм деген кептер болду. Убакыт дарылады.
Кыздарга айтарым, ширин сөздөрүнө эле алдана бербегиле. Изилдегиле.
http://Bilesinbi.kg