Коом

Жигитим мага досунун тоюна кеткенин айтып, башкага үйлөнүп алыптыр

Саламатсызбы. Учурдагы абалымды, душманыма да каалабайм. Анда эмесе, кеп башынан болсун. Жигитим экөөбүз мектептен бери кыз-жигит элек. Сүйлөшкөнүбүзгө 8 жыл болгон. Быйыл күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Ата-энелерибиз таанышкан. Болочок кайын энем менен мамилебиз жакшы болчу. Ата-энеси экөөбүзгө деп батир алып берген. Ремонтун чогуу жасадык. “Оңдоп-түзөө иштери бүткүчө, досумдукунда жашап турайын” дегенинен макул болгом. Мындай болоорун кайдан билдим… Жаңы-жылдан кийин ошол досунун тоюна бармак болду. Эмнегедир мени чакырбады. Жаман оюм жок, “жылуу кийинип ал, ооруп калба”, – деп узаткам. Кеткен боюнча жок. Канча жолу телефон чалдым. Бир күнү байкеси байланышка чыкты.
– Бизди кечирип кой, Улан (аты өзгөртүлдү) үйлөндү.
– Байке, тамашалап жатасызбы?
– Тамаша айткан жерим жок.
Трубканы коюп койду. Бул эмнеси? Кайра апасы чалды.

– Кызым, кечирип кой, уулубуз үйлөндү. Билем, сенин алдыңда күнөөлүбүз. Тилибизди албай койду. Кечир бизди! Көрсө, Улан ошол досунун карындашын алыптыр. Ал кызды тааныйм, мени “эже” деп сыйлап турчу. 8 жыл бирге экенибизди, күзүндө баш кошоорубуздан да кабары бар эле. Инстаграмга кучакташып түшкөн сүрөттөрүн жүктөшөт. Көргөн сайын ичим туталанат. Улан бир жолу чалып, эмне үчүн мындай кылганын айтып да койгон жок. Кайсы жерден, качан жаңылдым? Эмнеге мени мындай абалга калтырды? Суроолор көп, жооп жок. Мага жардам бергилечи!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *