
Жигитим бөлөмдөн кызганып сабап салды. Кайра сүйлөшсөмбү?
27-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы админ чыгарып бере аласызбы кенешиниздер керек болуп жатат. Өзүм 20 жаштамын Кудайга шугур жоолук салынам 5 маал намазым бар. Кудайга шугур иштеген жумушум бар жакында машина алсамбы дегем бирок айдаганды билбейт элем. Кошуна бөлөм экөөбүз бир кородо ойноп чоңойгобуз үйрөтүп коёюн дегенинен макул болуп чыгып үйрөттү машина айдаганды. Менин 4 жылдан бери сүйлөшкөн жигитим ал байкемден кызганып сабап салды. Көзүм беттерим колдорум көк ала болуп жатам. Эми эмне кылам деп ойлонуп атам. Эмне кыла алам кечирим сурап кайра эле сүйлөшсөмбү. Ал баланы жакшы көрөм. Же колу тийген неме көнүп алабы? Кийин дагы сабап отурса эмне кылам.