Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

02-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
«Акыл үйрөткөндү жакшы көрөт»
Чет өлкөдөмүн. Мээнетим менен тапкан акчамды ата-энеме салып жардам берем. Бир жигит менен сүйлөшө баштагандан бери, айлыгым ата-энеме түгүл, өзүмө артпай калды.
Намысымды ага арнап койгонума кээде өкүнөм.
Чогуу турабыз. Батирдин ижарасы, тамак-аш, өзүмдүн жана анын баскан турганына кетчү каражаттын баары менин мойнумда. Мен менен таанышкандан бери иштебей үйдө жатат. Эки жылдан бери тапканымдын баарын ага сарптайм. Айлыгым деле көп эмес.
Жумуш караштыр десем, «ооба» деп коюп диванда чалкалап жатат.
Акыл үйрөткөндү жакшы көрөт. «Билим ал», «алдыңа чоң максат кой, «жашооңду өзгөрт» ж.б ушул сыяктуу сөздөрдү айтат. Ушуларды өзү колдонсо кана! «Керек болсо ата-энең сага акча салсын, кыйналып иштеп жүргөнүңдү билет бекен?» дегенде өрттөнүп кетем. Баса, дагы бир көп колдонгон сөзүн айтайын: «Жокчулугумда жанымда боло албасаң, барчылыгымда жанымда болушуңдун кереги жок!»

Байкуш ата-энем акчамдын кереги жок экенин айтып, «өзүңө жакшы кара» деп эле турушат. А мен аларга жардам бергим келет. Анткени ата-энем карапайым адамдар, турмуш-шартыбыз
орто.
Айлыгым тиер замат аны алганга шашылат.
— Өзүм чогултам. Сенде турса акчалар кайда кеткени билинбейт.
— Сен мага ишенбей көңүлүмдү оорутуп жатасың.
— Сенсиз жашап келгем, сенсиз да жашай алам.
— Мен сага акчамды берүүгө милдеттүү эмесмин.
Бир аздан кийин байкуш болуп жаныма келип кечирим сурайт. Жылуу сүйлөп, сүйөөрүн, эч жакка кетирбей турганын айтат. Эмне кылышым керек? Кеңеш бериңизчи.