Жездем эжем жокто сиңдиме тийишиптир. Эмне кылсам болот?

Жездем эжем жокто сиңдиме тийишиптир. Эмне кылсам болот?

07-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Саламатсызбы! Мен 2 жыл Москвада жүрүп,
жакында эле шаарга келгем. Сиңдим эжем,
жездем менен жашап жаткан. Сиңдим
экөөбүз сүйлөшүп олтурганда ал мага муну
айтты: «Мен сизден башка эч кимге айта албадым. Үйдө мен жалгыз калганда
жездем мени кучактап, бул жака жат деди. Мен коркуп аркы үйгө кирип кыйкыргам. Бир маалда болду эч нерсе кылбайм деп, эшикке чыгып кетип калган. Анан келип эч
кимге айтпа деп 500 сом берди, мен алган жокмун. Эжеме айтайын десем, жездем
экөө ажырашып кетпесин деп айта
албадым.» Мен азыр эмне кыларымды билбей жатам. Кандай кылып жардам бере алам? Кимге айтып кеңеш сурайм?