Жетим балдарга кол сунуп аяз ата ролун аткарабыз

Жаңы жылда мээримге зар болгон бир баланын кубанычына ортоктош болууну каалагандар кичинекей белектерин жетим балдарга тапшыруу мүмкүнчүгү бар.  «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фонду балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын тарбиялануучуларына 2 миңден ашык жаңы жылдык белектерди тапшырууну пландоодо. Бул тууралуу аталган уюмдун Фейсбук баракчасында айтылат.

«Бизге чындап эле таттуулар жана оюнчуктар керек (коробкага бата тургандай кичине көлөмдө), белекке токулган байпактарды, сумкаларды, топулар жана башкаларды салсаңыз болот», – деп билдирет фондун уюштуруучулары.

Буга чейин уюм салттуу “Аяз атага кат” акциясы башталганын жарыялаган .

«Аяз атага баары эле ишене бербейт, бирок кыялында баары ишенет. Бул конверттерде апасынан же атасынан белек сурай албаган балдар үчүн эң кымбат жаңы жылдык каалоолор камтылган. Шилтеме аркылуу катты тандай аласыз ”, – деп белгилейт Фонд.

Каттын бирин окуп ага өз белегиңизди тапшыруу мүмкүнчүлүгүн колдоном десеңиз кол сунуңуз.

Add your comment

Your email address will not be published.