Жергиликтүү тургундар 6 жашар баланын сөөгүн суудан алып чыгышты

Жергиликтүү тургундар 6 жашар баланын сөөгүн суудан алып чыгышты

09-бугу, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен баланын сөөгү табылып, туугандарына берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-майда таң эрте Чоң Чүй каналындагы издөө иштерин улантууга Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунан жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.

Изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, 8-май күнү Военно-Антоновка айылында ЧЧКга 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар жана туугандары тарабынан изделип  жаткан.

Булак:Аргумент кж