Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

Жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

08-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды.Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү кеңештин депутаты Лостук айылынын тургундарынан «суу өткөрөбүз»,-деп 3,5 миң сомдон акча чогулткан.Ал тургай , айрым тургундардын акча бербестигинен ,коркуткан жагдайлар да болгон.Айыл тургундары акчаны чогултуп берген.Бирок, аткрылган иштер сапатсыз,жараксыз болгон үчүн .милицияга арыз менен кайрылышкан.

Ошондой эле, аталган ишке бир фонд каржылык жактан жардам көрсөткөн.Ишти И.К атту жеке фирма жүргүзгөн.

Милиция кылмышка шектүү катары Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Жергиликтүү кеңештин депутаты, бул иштин тышкары дагы бир иш боюнча айыпталууда.Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетчү жагдай, милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 0312 36 35 23, 36 35 27 номерлери боюнча кайрылуусун суранат.

Булак:Аргумент кж