Саясатчы Жеңиш Молдокматовго дагы үч айып тагылды. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, жаңы айыптар КР Кылмыш -жаза кодексинин 355 “Бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү”, 309 “Бийликти күч менен басып алуу” жана 257 “Ок атуучу куралдарды уурдоо же опузалап талап кылуу” беренелери боюнча козголду.

Жакын арада ИИМдин тергөө кызматы материалдарды сотко өткөрүп берет.

Буга чейин ага КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 264 -беренеси “Массалык башаламандыкты уюштуруу” боюнча кылмышка шектүү катары эскертүү берилген.