Женевадагы «гуленчилердин» элчиси Алмаз Бейшеналиев жумуштан алынса…

Женевадагы «гуленчилердин» элчиси Алмаз Бейшеналиев жумуштан алынса…

22-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Камчыбек Ташиев айтты го, өткөн пресс-конференциясында: «Биз FETO уюмунун таасирине көзүбүз ачылды, таң калдык. Буларды чектегенге аракет кылабыз» деп. Эмесе ошол эле күнү түрктөрдүн «Hurriet» гезитинде Орхан Инандынын турк атайын кызматтарына көрсөтмө бергендери жарыяланып, ошол жерде бул тымызын уюмдун бирден-бир кыргыз жетекчиси катары азыркы Швейцариядагы элчи Алмаз Бейшеналиевдин аты жазылып турат.

Эми элестеткиле, туугандар, Фетхуллах Гүлендин агенти Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын атын жамынып, FETOнун кызыкчылыгын жактаганга биз өзүбүз жол ачып бер генибизди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай олуттуу саясат боюнча калп сүйлөбөсө керек, туурабы? Такыр түшүнбөй турабыз…

Булак: Азия News гезити