Коом

Жеңем көңүлдөшү менен качып кетиптир, ичим ачышып турат

Менин жакшы көргөн жеңем башка менен кетип калды. Баарынан да жеңемдин кетиши мага оор тийди.

Агам менен жеңемдин жашаганына он жылдын жүзү болду. Жеңемдин колу ачык, жүзу жарык жакшы аял. Качан барбайлы дастарконун жайып, кабагым кашым дебей тосуп алат. Бир да жолу анын буркөө кабагын көргөн жокмун. Беш жыл дегенде араң кыздуу болушту. Кызын багышып бир жылдай алардын үйүндө жашадым. Мага курбу болуп, апамдан да жакын адамга айланды. Кээде жеңеме бир киши чалып калчу. Бир жолу женем чоочун эркек менен сүйлөшуп турганын көрүп калдым. Экөө элди көзгө илбей берилүү менен сүйлөшүп жатышты. Кийин жеңемен сурасам ал жөн эле таанышым деп койгон эле. Ошону менен аны унуткарып койгом. Бир жума мурун агам жеңемди ойношу менен Дубайга кетип калыптыр деди. Жеңем столдун үстүнө кат жазып таштап керектүү кийимдерин жыйнап кетип калыптыр. Азыр анын дайынын эч ким билбей жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *