«Желектен башка көйгөй жокпу?». Желекти алмаштыруу сунушуна элдин пикири кандай?

«Желектен башка көйгөй жокпу?». Желекти алмаштыруу сунушуна элдин пикири кандай?

04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстандын желегинин ортосунда жайгашкан күн нурунун формасын өзгөртүү сунушталды.

Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеп, коомдук талкууга койгон эле.

Алар «түндүк менен күндүн нурун караганда күн караманын гүлү, же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема» пайда болгондугун айтышкан. Ушуга байланыштуу туудагы күн нурунун толкун сымал формасын күндү түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат.

Көп узабай президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев желекти өзгөртүү идеясын колдой турганын билдирди. Ал чет элдиктер желектеги нурларды күн карамага окшоштуруп жатканын айткан

«Желегибизди кур дегенде чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура. Бул демилгени колдошубуз керек. Керек болсо туубуздун өңүн «Манаста» көк асаба деп айтылгандай, көк түскө алмаштырсак да жарашмак. Бирок элибиз кызыл түскө көнүп калып, ага макул болбосо керек. Чындыгында биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар», — деп жазган Чолпонбек Абыкеев.

Ал желектин кемтик жагын оңдоодон трагедия жасоонун кереги жок деп эсептейт.

Дүйнөдө тууну түп-тамырынан өзгөрткөн учурлар да болгондугун белгиледи.

Негизи, депутаттар элдин жашоосун жакшыртуу, алардын көйгөйлөрүн бийликке жеткирип, мыйзам жаза турчу элдин өкүлдөрү. Мындан улам эл желектин өзгөрүшүн каалап жатабы редакция элдин оюн билип кайтты.

Булак: Аргумент кж