
Жээнбековдун кезинде салынып баштаган мектептерди азыркы бийлик биз салдык деп жатабы?
12-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБийлик жылдын аягына чейин салына турчу мектептин саны 204 экенин билдирди. Бирок бул мектептердин көпчүлүгү мурун салынып келе жатып кандайдыр бир себептерден улам токтоп калгандар. Алардын кээ бирлери тээ Бакиев заманынан бери бүтпөй келе жаткандары да кездешет. Анан ошолордун баарын биз салып бүтүрүп жатабыз деген туура эмес болуп калат го. Сооронбай Жээнбековдун кезинде бир топ мектептер салынып башталган. Ошолор азыр аяктап жаткандары да көп. Анан ошол кездеги акча бөлүнүп салынып бүткөрүлүп жаткандарды дагы биз салып бүтүрүп жатабыз деген бирөөнүн кылганын өзүнө ыйгарып алган болуп калат го.
Булак: Аргумент.кж