Жеңишбек Токторбаев: Унчукпай, балык депутат болуп отура берелиби?

Жеңишбек Токторбаев: Унчукпай, балык депутат болуп отура берелиби?

01-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Депутат Жеңишбек Токторбаев кечээ, 30-ноябрда Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча бүгүн, 1-декабрда парламент жыйынында комментарий берди.

«Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Артымда элим бар. Баш прокурордун кечээки кадамы туура эмес болду. Кесиптешим Шайлообек Атазов экөөбүз Баш прокурорго асылдыкпы? Биз элдин муңун гана жеткиздик. Унчукпай, балык депутат болуп отура берелиби?», — деди депутат.

Эскерте кетсек, кечээ 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакыртылган.

Буга чейин аталган эки депутат прокуратурадагы коррупция боюнча маселени кароону сунушташкан.