Жеңишбек Токторбаев: Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм, жакшы көйнөк болсо болду экен

Жеңишбек Токторбаев: Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм, жакшы көйнөк болсо болду экен

07-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Башкы прокуратуранын депутаттарга карата одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштады.

Анын пикиринде Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке мансыркап, өздөрүн элден бийик сезип, эдин тагдыры менен ойноп көнүп калган.

«Жогорку Кеңеш стратегиялык объект. Башкы прокуратура депутаттарды суракка алып жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөүдүкпү? Мен бир нерсени түшүндүм. Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм, жакшы көйнөк, жакшы бут кийим болсо болду экен. Башка нерселерди билиштин кажети жок экен.

Башкы прокуратура аша чаап, Баш мыйзамдын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин Регламентинин 137-беренесин, депутаттын статусу жөнүндө 24-беренесин одоно бузду. Эгерде мамлекетте мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн орган, мыйзам чыгаруучу органдардын мүчөсүн Конституцияны одоно бузуу менен кысымга алып жатса, анда жөнөкөй жарандарга кандай кордук көрсөтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Башкы прокуратуранын депутаттарга карата одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм», — деди Токторбаев.