Жеңиш Токторбаев, ЖК депутаты: “Экс-президент эл катары жашап, коомчулук менен чогуу болсун”

Жеңиш Токторбаев, ЖК депутаты: “Экс-президент эл катары жашап, коомчулук менен чогуу болсун”

12-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

— Жеңишбек мырза, сиз экс-президенттерди бир топ привилегияларынан ажыратууну сунуштадыңыз. Бул сунушуңузду эмне менен негиздейсиз?

— Биздин мамлекетибизде беш президент иштеп кетти, бирок бирөө да элди адилеттүү башкара алган жок. Адилетсиз башкаруудан кийин эл аларды кууп салды. Беш-он жыл бою мамлекетти башкарып, эбегейсиз байышты, өздөрү эле эмес, бир туугандары, жан-жөөкөрлөрү, айдоочусуна чейин манчыркап кетишти. Ал аз келгенсип, буларды эл өмүр бою бакпашы керек. Мен ошону негиздедим. Башка өлкөлөрдө, мисалы, ушунчалык экономикасы өнүккөн, дүйнө жүзү боюнча 20-орунда турган Түркия мамлекетинде экс-президент пенсиядан башка эч нерсе албайт экен. А биздикилер өмүр бою резиденцияда акысыз жашайт, машинасы, күзөтчүсү, байланышы, самолетко учса билети бекер. Андан башка да толгон-токой жеңилдиктери бар. Биз ошолордун баарын алып салып, экс-президенттин бир гана пенсиясын калтырдык. Эл катары жашап, биз менен чогуу болушу керек.

— Сиздер ошондо экс-президент резиденцияда жашаганын, күзөт, унаа акысын өзү төлөөсүн сунуштап жатасыздарбы?

— Жок. Экс-президент жаңы президент иштеп баштагандан кийин бир айдын ичинде резиденцияны бошотуп, чыгып кетиши керек. Сумкасын алсын да, кайсы жерге барса, ошол жакка түнөп жашасын. Ал эми “өздөрү төлөп жашасын” деген алар министрлер кабинетинин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Жогорку Кеңештин спикери, башкы прокурор – баары резиденцияда жашайт. Ошолор электрге, ысык-муздак сууга, баардык коммуналдык кызматтарга чыгымдарды өздөрү төлөп жашашы шарт.

— Бул мыйзам эми кийинки экс-президенттерге гана иштейби?

— Ооба, мыйзам кабыл алынып, эгер урматтуу президетибиз кол коюп калса, кийинки экс-президенттерге иштейт. Дастан Далабаевич мурдакыларга да иштетиш керек деп атпайбы. Мен аны билбейм. Менин билгеним – мыйзам артка иштебейт. Кана эми, иштеп калып, баардык экс-президенттерге бирдей шарт түзүлсө сонун болбойт беле?! Мен колдомокмун.

«Азия Ньюс» гезити