Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

«Туруктуу коррупциялык схема Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Н.Т.нын жетекчилиги астында түзүлгөн.

2-августта анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана кичине калибрдүү куралдын патрону алынган.

“Чыныгы жашаган жеринде ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, стул түрүндөгү ар кандай буюмдар. табылып, кармалды “, – деп айтылат департаментте.

Таалайбек Нуралиев кармалып, УКМКнын ИИБге киргизилди.