Жасалма арак чыгарган цех табылды

Жасалма арак чыгарган цех табылды

10-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарынын 1971-жылы туулган тургуну О.Н. Ал Арча-Бешик конушундагы сарайлардын биринде мыйзамсыз алкоголдук продукция чыгарган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди .

Аталган жаран,  «Берекет универсал» соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси.Жарандын үйүнөн  25 даана «алкоголдун өзгөчө жыты бар белгисиз суюктук» салынган канистр, ошондой эле ар кандай маркадагы стикерлер чапталган 12 куту, бөтөлкө капкактары бар кутулар, канистрлер табылган.

Жалпылап айтканда, шектүүнүн үйүнөн тинтүү учурунда  17550 бөтөлкө спирт ичимдиктери, 1086 литр спирт, 3500 акциздик маркалар, бөтөлкөлөрдүн капкактары жана башка буюмдар табылган.

Ошондой эле сот шектүүнү  1 айга камакка алды.Учурда тергөө иштери уланууда .

Булак:Аргумент кж