Саясат

Жаркынай аянчы: «Бут тосуулар башталды, Курултай аркылуу Садыр президент болот»

-Алдыдагы Президенттик шайлоо кандай өтөт?

-Башка президенттик шайлоолорго салыштырмалуу бул жолу бир аз башкачараак болуп турат. Шайлоону болтурбоого бут тосуулар аябай көп болуп жатат. Убакыт сааты жеткенде алардын тоскоолдугуна карабай өз нугу менен өтөт. Мага түшкөн аянда Садыр Жапаровдун ден соолугу бир аз начарлап турат. Көпчүлүк каршылаштары ушул абалдан пайдаланып калуунун аракетин кылып жатышат. Ар кандай жаман иштерге аралашкан деп жалаа жаап жаткардар да толтура. Алар бийликке келүүгө ниеттенген же байлыгын сактап калуунун далалатын кылгандар. Мындан сырткары Курултай элдин талабына ылайык келген мыйзамдарды карап, иштеп чыгып жатышыптыр. Ортодо сүйлөшүүлөр түшүп жатат. Курултайдын жаңы мыйзамдарына ылайык Садыр Жапаров  өтөт. Элди бөлүп жаруулар болуп жатат, бирок бул шайлоо күнү токтоп эл биримдикке келет. Президентикке талапкерлердин арасынан Садырды көрүп жатам. Элдин басымдуу бөлүгу ошол күнү Жапаровду колдоп ага добуш беришет.

-Фейсбук тармагында экс президенттик макамды жоюу маселеси көтөрүлүп жатат. Буга чейин Роза Отунбаева менен Сооронбаей Жээнбеков гана экс президент макамын алып жүрөт. Аягы кандай болот?
-Пенденин оозунда Кудайдын кулагында дейт эмеспи, көпчүлүк көтөруп чыккан маселелер каралып жатат. Алардын бири бул экс президенттик макам болуп жатат. Чынында көптөгөн мыйзамдар алмашат. Алардын ичинде экс президенттик макам да бар. Мага түшкөн аян боюнча Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун экс президент макамы алынып калып жатат.
Аргумент.кж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *