«Жарашабыз го» деп күтүп жүргөн күйөөм башкага кетти

«Жарашабыз го» деп күтүп жүргөн күйөөм башкага кетти

23-үчтүн айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Эч качан ушинтип өз тагдырым тууралуу жазып калам деп ойлободум эле. Эки кызым бар. Жолдошум менен ажырашып кеткем. Арадан зымырап алты жылдай убакыт өтүп кетиптир. Жакында мурунку күйөөм үйлөнүптүр. Бул кабар жүрөгүмдү оорутту. Жаман болуп жатам. Кыздарым менен эми жападан жалгыз калдым. “Жарашабызбы, жашап кетебизби” деп ойлоп жүргөн элем. Эми эмне кылам? Ал келинди “аябай жакшы келин экен” деп мактагандары мага да жетти. “Ажыраш, кайра жарашалы” десем, “кечиктиң” дейт. Кантсе да кыздарымдын атасы эле да. Жандүйнөм ооруп, жашоом көңүлсүз. Жашоо болсо зымырап өтүп жатат…

 

«Азия Ньюс» гезити