Жарандарга ,жол тыгынына тоскоолдук жараткан 37 лөлү тектүүлөргө айып салынды.

Жарандарга ,жол тыгынына тоскоолдук жараткан 37 лөлү тектүүлөргө айып салынды.

05-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди өткөрүлүп,анын алкагында 37 лөлү тектүүлөр аныкталды.Бул тууралуу облустук милициясынан билдиришти.

Аталган рейд шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия ,аймактык башкармалыктар жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн.

Маалыматка караганда , жүргүзүлгөн рейдтен шаар аймагындагы көчө бойлорунда,көпүрөлөргө ,жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алышып,жол тыгындарына жана жарандарга ынгайсыздык жараткан 37 лөлү тектүүлөр аныкталган.

Алардын ичинен 14 жаран Өзбекстандан,калганы Ош облусунан келгендер.Анын ичинде 6 жашы жете элек өспүрүм бар.

Лөлү тектүүлөр Жалал-Абад ШИИБдин имаратына алынып келинип, манжа издери алынып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин негизинде айып пулдар салынган. Ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Жалал-Абад шаарында ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча алдыда мындай иш-аракеттер дагы улантылат.

Булак:Аргумент кж