Саясат

Жапыкеев: “Биз малды жакшы тандайбыз, бирок депутаттарды тандай албайт экенбиз”

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңеш 6-чакырылышта легендарлуу парламенттен “Чимкирик” парламентине айланды деп эсептейт.
Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.

«Достор, Фейсбукту ачарыңыз менен бардык жерде шайлоо жана үгүт иштери жүрүп жатат. Мурдагы эле жүздөр. Баары чуркашат – колунан келгени да, келбегени да. Эмнегедир парламентке киргиси келет. Көптөгөн депутаттар атын элге таанытуу жана бизнесин коргоо үчүн шайлоого барышат. Көптөгөн парламентарийлерди жатка билебиз. 6-чакырылышта Легендарлуу Парламенттен “чимкирик” Парламентке айланышты.Эми эл көзүн ача турган учур келди.
Көрсө, биз малды жакшы тандайбыз, бирок депутаттарды кантип шайлашыбызды билбейт экенбиз. Отуз жылдан бери депутаттар элди алдап, ушул деңгээлге жеттик. 2000 сомго сатылып отуруп итке миндик»- деген Жапыкеев шайлоодо 2000 сомго сатылбоого элди үндөдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *