Жапаров: Майдан тарта электр энергиянын баасы көтөрүлөт

Жапаров: Майдан тарта электр энергиянын баасы көтөрүлөт

21-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго чейин көтөрөбүз, деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

«Эгер андай кылбасак, биз энергетика тармагын биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Анткени бизде өндүрүлгөн электр энергиянын баасы 21 тыйындан, энергетиктердин эмгек акысына, эскирген трансформаторлорду, зымдарды, мамыларды алмаштырууга кошулуп, 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбагандыгына токтолуп, бул арада калктын саны дээрлик бир жарым эсеге өскөнүн, курулуштар дагы көбөйгөндүгүн жүйө келтирген.