Жапаров: Мадумаровду дагы чакырганбыз

Жапаров: Мадумаровду дагы чакырганбыз

21-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Кыргызстандын мурдагы өлкө башчылары менен Дубайда болгон жогулушуу тууралуу суроолорго жооп берди. Ал депутат Адахан Мадумаровду деле ынтымак столго чакырганын айтып өттү.

«Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек», — деди Жапаров.