Экс – президент Акаев “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн күндөн тартып эле массалык маалымат каражаттарына көлөмдүү маектерди берип келет. Ал айласыздан өзүн актоого аракет кылып жатып, “Кумтөр” боюнча коррупциялык жана кылмыштуу келишимдин башатында өзү турганын унутуп койгондой. Акаевдин фактылар жана цифралардан чаташып жатканы көрүнүп турат.

Ал бардык жерде “Акылбек Жапаров “Кумтөрдөгү” бардык кырсыктардын күнөөкөрү”, “Акылбек Жапаров Торонтого атайын канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн барган” деп жатат.

Буга байланыштуу мен, Акылбек Жапаров, “Кумтөр” боюнча бир дагы чечим кабыл албаганымды жана бир дагы келишимге кол койбогонумду расмий түрдө билдирем.

Мен, Акылбек Жапаров Торонтого “Кумтөр” маселеси боюнча жеке дагы, топтун, делегациянын эч кандай комиссиянын курамында барган эмесмин. Акаевдин мен жөнүндө айткандарынын баары жалган-жалаа.

Чындыгында, Аскар Акаевдин дал өзү бир кездерде мамлекеттик органдардын жетекчилерин “Камеко” компаниясы менен таптакыр пайдасыз келишимге кол коюуга мажбурлаган. Анын көрсөтмөсү боюнча, кен кийин “Центерранын” дээрлик көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.

Ал эми Торонтого анын уулу Айдар Акаев барып, канадалыктар менен “өз ара пайдалуу кызматташтык” келишимди түзгөндүгү тууралуу фактылар тергөө тарабынан далилденген.

Учурда белгилүү болгондой, “Кумтөр” боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алдыда баарына чекит койчу сот болот.