
Жаныбек Абиров кайра Жогорку Кеңешке шайлоого барам деген ойдо. БШКнын позициясы эки ача
26-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров кечээ, 24-июлда Фейсбукта түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, кайрадан депутаттыкка аттанууну ойлоп жатканын билдирди.
Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов реакция жасады. Ал Govori.TV сайтына билдиргендей, Жаныбек Абировдун Бишкек шаарынын Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүгө укугу жок. Анын айтымында, Абиров шайлоого катыша албайт, анткени кайра шайлоого өзү себепкер болгон.
«Конституциялык мыйзамда мындай норма бар. Кайра шайлоого себепкер болгон экс-депутаттын кайра шайлоого катышууга укугу жок. Экинчи жагынан моралдык жагы да бар. Мындай жоопкерчиликти оюнчук катары кабыл албаш керек», — деди Бекматов.
БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов Абировдун Ленин шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүсүнө жана шайлоого катышуусуна эч кандай мыйзамдык чектөөлөрдү көрбөй турганын билдирди.
«Экс-депутаттын шайлоо жарышына катышуунун моралдык жагы боюнча кесиптештеримдин пикири бар экенин билем жана мен да бул пикирге кошулам», — деди ал.
Абировдун үстүбүздөгү жылдын жаз айларында өзүнүн өтүнүчү боюнча ЖК депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушу анын ишмердүүлүгүнүн моралдык жагына байланыштуу. Буга ылайык мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүү үчүн бюджеттен бир топ каражаттар сарпталды. Эми азыр, мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөну турат.
«Экинчи жагынан, бүгүнкү күндө биз «компетенттүү» пиарды көрүп жатабыз: алар шайлоочу катары Абировдон кайра шайлоого катышууну суранып жатышат. Айрыкча, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана сатып алуу боюнча акыркы жаңжалдын жана шайлоочулардын өтө төмөн активдүүлүгүнүн фонунда», — деп кошумчалады Маматов.
Булак: Аргумент кж