Өмүрбек Бабанов жетекчилик кызматта турганда “Центерранын” эмес, Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргоп келгени баарыбызга маалым! 2012-жылы Кумтөргө мурдагы бийлик берип салган 16 миң 330 гектар жерибизди Кыргызстанга кайтарган дал ушул Бабанов болду. Бирөөгө жагабы, жакпайбы, бул кашкайган факты! Фактыга, далилге таянбай туруп саясий ишмерлерди четинен СИЗОго камай бергенине мен башынан каршы чыгып келатам, биз түшүнүк менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Жапаров да, Текебаев да мыйзамсыз камалганын айттым эле, мына, Бабанов да мыйзамсыз камалды жана соттук териштирүү жабык болуп, журналисттерден бекинип, одоно мыйзам бузуу менен өтүүдө!