
Жанар Акаев: 6 небереси менен көчөдө калган жаран өз өмүрүнө кол салганы жатат
10-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева7-март күнү Бишкек шаарындагы Рухий-Мурас конушунда бир үй-бүлөнү соттун чечими менен деп милиция, сот аткаруучулар көчөгө сүйрөп чыгарып коюшкан. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев , 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Эки уулу, алты небереси менен кошуналары тигип берген боз үйдө жашап жатышат», — деди депутат.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда үйүнөн чыгарылып жаткан дагы бир үй-бүлөнүн видеосу тараган. Анда бир нече милиция кызматкерлери алгач үйгө кирүүгө аракет кылып жатышканы, андан соң үй ээлерин сыртка чыгарганын көрүүгө болот.
Ал эми үй ээлери соттун чечими мыйзамсыз болгонун айтышып, милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылууга аракет кылып жатканы да тартылган.