
Жалгыз уулума керегим жок, ооруп жатсам басып кетет. Эмне кылсам болот?
27-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМен 43 жаштамын, бир уулум бар. Ал 22 жашта. Мени укпайт, боор бербейт, ооруп жатсам да карабай кетип калат. Өзүм иштебейм, себеби көп жерим ооруйт, балам эөөбүз эле жашайбыз. Балам оңолсун деп армияга, даватка жөнөткөм. Оңолгон жок. Тапкан акчасын оюн күлкүгө, досторуна коротот. Мага кичине эле акча берип коет. Башка туугандарым жок эмне кылсам болот?
Баламды ойлой берип дагы көп жерим ооруйтурган болду. Тажадым бул жашоодон. Ушул убакытка чейин балам үчүн жашап келгем. Азыр болсо төрт дубалды карап жалгыз жатам, ичимден ыйлайм, айтатурган эч кимим жок. Улуу ага, эжелерден кеңеш сураймын. Кантип баламды тарбиялайм? Жакшы да, жаман да айтып көрдүм. Өлүп алгым келет.