
Жалган маалыматты тараткан журналист Эламан Кармышаков кечирим сурайбы?
03-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева«“Спутник” сайтынын журналисти Э.Кармышаков “Кан төгүлгөн өрүкзардагы көмүскө кызыкчылыктар”-деген аталыштагы иликтөө жасаган. Анда, Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган турак жайларды куруп жаткан “Аманат курулуш инвест”-компаниясына 20 жаштагы студент ээлик кылат. Мамлекеттин миллиарддаган акчаны “аты жыты жок компанияга берген”, Анын артында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген маалымат тараткан.
Натыйжада, коомчулукта Каныбек Туманбаевдин дарегине нааразычылыктар айтылып, аны Баткендеги курулуштан өзүнө пайда издеп жатабы деген пикир түзүлгөн.
Мындай жалган жана маалыматтык манипуляцияга аргументтер менен жооп берүүнү эп көрдүк. Журналист Эламан Кармышаковдун өзүн алып, Баткендеги курулуш жүрүп жаткан жерге келдик. Иш башкаруучу Каныбек Туманбаев, “Аманат курулуш инвест” компаниясынын жетекчиси Давид Камбаров иликтөөдөгү жалган маалыматтарды, айыптоолорду четке кагып, далилдеп беришти.
Кармышаковдун иликтөөсүндөгү “компанияга 20 жаштагы жаран ээлик кылат”-деген маалыматы жалган.
“Давид Камбаров Баткендеги курулуштар үчүн тендер жарыяланганда эле “Аманат курулуш инвест” компаниясына ээлик кылып калган”-деген маалыматы дагы чындыкка дал келбейт. Камбаров аталган компанияны 2022-жылдын 4-июнунда эле өткөрүп алган.
Бул туурасында далилдүү фактылар, документтер Эламан Кармышаковго көрсөтүлдү.
Журналисттик этиканы сактап, “Спутник” редакциясы, журналист Эламан Кармышаков мурда тараткан жалган маалыматтарын төгүндөп, коомчулуктуу дүрбөлөңгө салып, аты аталган жарандардын кадыр баркына шек келтиргени үчүн кечирим сурап коет деген үмүттөбүз»-деп жазды Дайырбек Орунбеков.
Шилтемени басып видеону караңыз: