Жалал-Абадта мыйзамсыз акча жүгүрткөндөр кармалды

Жалал-Абадта мыйзамсыз акча жүгүрткөндөр кармалды

23-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абадда мыйзамсыз акча жүгүрткөн 4 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын Х.К., М.Н.А., Ю.М.М. жана М.М.М. аттуу төрт жаранына 17 миң 500 сомдон айыппул салынды.

Булак:Аргумент кж