
Жалал-Абадда жеке ишкер 750 миң долларга кичи ГЭС курду
13-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖалал-Абаддын Аксы районунун Тосту айылында жеке ишкер кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭС курду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Кичи ГЭСти жергиликтүү ишкер Нурлан Ормонов салып, ага 750 миң доллар жумшаган.
“Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергия жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалмакчы”, — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж