
Жалал-Абадда тургундан 35,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды
11-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖалал-Абаддын тургунунан 35,1 млн сом алып, алдап кеткен деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 6-сентябрда милицияга 26 жаштагы тургун кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2022-жылы июнь айында 22 жаштагы Р.С. аттуу жигит «Россиядан жыгач алып келип берем» деп 35 млн 158 миң сом акчасын алып, убадасын аткарбай, качып кеткен.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абал облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 22 жаштагы шектүүнү Өзбекстандан кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: Аргумент кж