Жалал-Абадда куруучуларга карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда куруучуларга карата кылмыш иши козголду

28-баш оона, 2018-ж // //

Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясына караштуу Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мекемеси (Финполиция) кабарлады.
Тергөө учурунда аталган башкармалык 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин мамлекетке 1 миллион 543 миң салыкты төкпөй койгону айтылууда.
Факт боюнча козголгон ишке Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (“ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу”) коюлду. Тергөө уланууда. Финансы полициясы иликтөө менен катар мамлекетке келтирилген чыгашаны өндүрүү аракетин көрүп жатат.
Булак: Азаттык