
Жалал-Абадда базар ээлерин опузалаган деп кылмыштуу топтун мүчөсү Чач кармалды
06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Чач каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Эрнис Мурзахметов кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал ИИМдин «АБД-ТОР» каттоосунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турганы айтылды. Ошондой эле мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы үчүн «смотрящий» деп аталганы белгиленди.
«Кармоо учурунда кылмыштуу топтун мүчөсүнүн жанынан 10 граммга жакын гашиш табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда М.Э.М. баңгизатын колдонгону боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, анын чегип алганы аныкталды. Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж