Жалал-Абадда 50 метрлик туу көтөрүлүп, салтанатка Садыр Жапаров катышты

Жалал-Абадда 50 метрлик туу көтөрүлүп, салтанатка Садыр Жапаров катышты

27-тогуздун айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Жалал-Абад шаарындагы Аюб-Тоо тоосунун этегинде бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, салтанатка мамлекет башчы Садыр Жапаров катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы Жалал-Абад шаарынын тургундарын калаанын 146 жылдык майрамы менен куттуктаган.

«Чынында чамгарагынан алтын түстүү күн нуру чачыраган кызыл туубуз кыргыз журтчулугубуздун, байыркы ата-бабаларыбыздын басып өткөн бай тарыхын, уюткулуу көчмөн элдин философиясын чагылдырып турат. Кызыл тууларды кылкылдата көтөрүп, каруусун казык, канын азык кылып жүрүп канчалаган кас-душмандарды жеңип, урпактардын келечегине кам көрүп, керемет Кыргызстанды Мекен кылып бизге аманат калтырган баатыр бабаларды эсибизден чыгарбашыбыз керек! Өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн Курманбек баатыр, Жаныш-Байыш баатырлар, Нүсүп миң башы жана башка баатыр бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган дүйнөгө таанымал Арсланбапты, касиеттүү Сафед-Буланды, Аркыт, Кара-Алмайдай жер соорусун, тоо койнунда өзүнчө бир кооздукту камтыган Сары-Челекти, канча ооруга шыпаа болгон Аюб-Булак сындуу керемет жерлерди барктап-баалай билишибиз зарыл», — деген мамлекет башчы.

Булак: Аргумент кж