Жалал-Абад: Мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барган жаран кармалды

Жалал-Абад: Мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барган жаран кармалды

11-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Айрым ЖМКлар Жалал-Абадда 9-класстын окуучу кызы зордукталганын жазып чыгышкан. Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-декабрь күнү саат 7:30 чамасында болгон. Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган тургуну 2007-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашта болгон.

Бул факты Ала-Бука РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ала-Бука районунун тургуну 1997-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга камакка алынган.