Жаңы жылда күйөөм ээрчитип келген Аяз кыз ким экенин билип таңкалдым

Жаңы жылда күйөөм ээрчитип келген Аяз кыз ким экенин билип таңкалдым

30-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Бул окуя былтыр болгон. Азыр мандарин
жууп жатып эсиме келип кетти. Силер менен
бөлүшүп коюну чечтим.
Өткөн жыл бир топ кыйын болду. Дүкөнүбүз өрттөндү, уулум менен келиним жол
кырсыгына учурады. Анан ажырашып
кетишти. Неберем эле кыйналды.
Уулум келиним кеткенден бери ойлуу. Жүдөп да кетти. Достору менен көп жолугуп иче турган адат тапты. Барып кечирим сурап кел десек болбойт. Эмне болгонун билбейм. Эч качан экөөнүн ортосуна аралашкан эмесмин. Аралашпайм дагы. Неберемди сагындым.
Күйөөм да башкача. Колунан телефон
түшпөйт. Мен кире калсам сүйлөшүп жаткан
жеринен өчүрө калат. Карыганда бирөөнү таптыбы деп ойлой баштадым.